Чек ара: Лейлек району анклав болуп калат деген маалымат туура эмес

Мезгил

Лейлек районунун Максат айылы менен чектеш Овчу-Калача айылынын чек арасы тактала элек аймагына тажик тарап аскердик объект кура баштады» деген маалымат чыкты. Бирок, азырынча  бул курулуш аскердик объект экени боюнча расмий маалымат жок. Мындай пикирин Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында азыр чек арада абал туруктуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат. Ал эми 14-сентябрь күнү соцсеттерде тараган тажик тарап тактала элек аймакка аскердик объект кура баштады деген сөздөр боюнча азырынча эч кандай расмий маалымат жок.  

-Чек арадагы тактала элек аймактарда курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча эки тараптуу келишим бар. Ал эми  Лейлек району анклав болуп калат деген маалымат туура эмес. Анткени Ак-Сай-Рават жолу бар. Ал эми 14-сентябрда «тажик тарап Лейлек районунун Максат айылы менен чектеш Овчу-Калача айылынын чек арасы тактала элек аймагына аскердик объект кура баштады» деген маалымат чыкты. Бул курулуштын аскердик объект экени боюнча азырынча  расмий маалымат жок-деди Баймурат Бекмуратов

Ошондой эле Лейлек районунун башчысы маселени талкуулап чечели, жолугушалы» деген кыргыз бийлигинин аракетине  тажик тарап жооп бербей жатканын кошумчалайт.

-Жакында эле бир жараныбыз үйүнүн короосун тосуп жатканда кошуналарыбыз нааразы болуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин курулушту токтото турууну макулдашканбыз. Эми көп өтпөй кошуналар тактала элек жерде өздөрү курулуш жүргүзө баштады.

 

Азыр эл арасында «тажик тарап Лейлек районунун Максат айылы менен чектеш Овчу-Калача айылынын чек арасы тактала элек аймагына аскердик объект кура баштады» деген божомол болуп жатат, такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүү боюнча эки тараптуу макулдашууну карманбай жатышканы үчүн кошуналарга нааразыбыз-деди Баймурат Бекмуратов

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *