Чек арадагы чыр. Тажикстандын 3 аскер кызматкери каза болду

  Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Тажикстандын 3 аскер кызматкери каза болду. Бул туурлалуу тажик басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, алар ок атышуудан улам каза болгон.

Белглией кетсек, кечээ  тажик тараптын атылган огунан Кыргызстандык чек арачы каза болгон. Анда, Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң Сай айылындагы бекетке ок атылганы айтылат. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *