Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана аба каттамы иштей баштады

 Мезгил

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана-Баткен аба каттамы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

   Мындан тышкары, жумасына  бир жолу, дүйшөмбү күндөрү Бишкек-Исфана-Бишкек багыты аткарылууда.

Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Билет баасы 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдорго 1 миң сом.

Эске салсак, 13-мартта тажикстандыктар Ак-Сай- Тамдык жолунун курулушуна каршы чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган.3 кыргызстандык ок жараатын алды.

Тажикстан тараптан дагы жабыркагандар бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *