Чек арага чекит коюлабы? Тажикстандын делегациясы Бишкекке келди

Мезгил

Кыргызстан  менен Тажикстандын  топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы билдирди. 

Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн топографиялык топторуна 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *