“Чемпион” да “Мекеним Кыргызстандын” чачпагын көтөрөөрү күтүлүүдө

    Мезгил

   Парламенттен анчейин ооз ачпаганы менен кичи мекенинде кадыры бийик депутат Урмат Самаевди билесиңер да? Спортто жүрүп “Чемпион” каймана атын алган Самаев бул сапар баштагы “Кыргызстан” партиясы менен эмес, бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен чыгаары сөз болууда. Сары-Өзөн-Чүйдүн күн чыгыш тарабында “Чемпиондун” артында көптөгөн колдоочулары (өзгөчө Токмоктогу “чоң муштум” спортсмендер) тураарын эске алганда бул сапар өзүнө атаандаш партиялардын көбүнө Самаев көйгөй жаратаарын бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Элден кадыр күткөн жаш депутат эми күчтүү мыйзам жазып да барк алса дээр элек. Парламент спорттон келгендердин гана “ордосуна” айланбашы керек да, туурабы?   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *