Чодуев алдадыбы, же Мамытканов калп айтып жатабы?

Мезгил

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакытбек Мамытканов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин фойесинде журналисттерге жыйын өткөрдү. Анда ал:

Бул кызматка келгениме үч ай гана болгон. Мени министр Эркинбек Чодуев өзү чакырган. Командировкада жүргөн кезимде кызматтан алышыптыр. Бул деген министр Эркинбек Чодуевдин кезектеги алдамчылыгы. Кызматтан кетүүмдүн себебин министрдин кеңешчисинен сурасам, “Биз үч айда өзүбүздү көрсөтөбүз” деп премьер-министрге айтып келгенбиз, көрсөтө алган жокпуз”, деп, аны менен катар менин чогулушта күлгөнүмдү айтты.

Министр айыл чарбасын билбесе күлөм да. Чындыгында министр Чодуевде айыл чарба боюнча түшүнүк деген таптакыр жок. Мен ушул маселе боюнча бул кишини дебатка чакырып, баарын айтып берет элем. Кызыгы, мага буга чейин айтышкан: “Сиз биртике тыйын берип коюңуз, болбосо иштен кетесиз”,деп. Ишенген эмесмин, көрсө чын экен, бу жерде “отметка”, “собр” деген бар экен”, – дейт Б.Мамытканов. Ошондой эле ал кызматтан жүйөөсүз алганы үчүн соттошо турганын билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул кызматта иштеп жатканына 6 ай гана болгон. Аны министрлик кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү сунуштаган. Бирок Чодуевдин атагынан-чатагы көп болуп, жасаганына караганда айткан калпы көп байкалып калып жатат. Эми анын кезектеги “алдамчылыгын” ашкере кылып, айыл чарбасы боюнча түшүнүгү жок деген жарлык тагып, “тыйын үмүт эткен” кайырчыга теңеп чыгышты.

Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөгөн соң, кызматтан “кара көлөш” кийип, картөшкө терип кеткен.

Мамытканов сүйлөп бүтө электе министрдин кеңешчиси Асылбек Исаков пайда боло калып, “Бакытбек Мамыткановдун бу жерде айткандарынын баары жалган-жалаа, өз ыктыяры менен арыз жазып кызматтан кеткен. Ал көптөгөн тапшырмаларды аткара албай калганы үчүн сөгүш алган. Азырынча ушул, жакында толук маалымат беребиз», – деди. Чодуев болсо Ак үйдө жүрүптүр. Деги айыл чарба министрлигине, айыл чарбасын жыргаткан министр качан келет?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *