Чолпон Жакупова “байкуштар”, “саясатчыларды импотент кылды” деп кимдерди айтты?

   Мезгил

Бүгүн “Достук” мейманканасында саясатчылар жана жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан “Депутат үчүн добуш берүү – ар бир жарандын укугу” деген темада тегерек стол болуп өттү. Анда укук коргоочу Чолпон Жакупова сөз алып сүйлөп, ал жерге барган эркетерди мыш эле кылды. Чолпон Жакупованын айтымында тегерек столдо талкууланып жаткан маселелер, электрондук добуш берүү идеясы жаман эмес. Бирок реалист болуу керек. Башка депутаттардын бул сунушту айтып жаткан кесиптештерин колдоосу күмөн. Саясатчылар жарандык коомсуз эч нерсе жасай албайт, байкуштар деди.

“Шайлоо боюнча жарандык коомдун бир дагы сунушу колдоо тапкан эмес. Менин арабызда олтурган Жанар Акаев менен Рыскелди Момбековго боорум ооруй тургандыгы тууралуу эрте эле билдирип коёюн. Мен силер мененмин, бирок, шайлоо босогосун ылдыйлатуу боюнча сунуштар да колдоо таппайт. Депутаттар өздөрүнүн идеясы колдоо таппастыгын билип жатышат. Алардын көздөрүнөн жанган үмүттү көрүүгө болбой жатат, байкуштар. Жакында шайлоо, ал эми кыска убакытта момундай сунуштарды алып чыгып жатасыңар.

Силер үчүн дайыма тегерек столду уюштуруп, ушул аянтчага чакырган Динара Ошурахуновага таянып жатасыңарбы? Бүгүн ага “Жарандык сетордун активдүү позициясы саясатчыларды импотент кылды” деп айттым. Силер жарандык сектордон өз алдынча бирдемке жасай аласыңарбы? Бул силердин наныңар. Силер бийлик үчүн күрөшөсүңөрбү? Камдангыла жигиттер. Бирдемке жасаганга камынасыңарбы деги? Биз силердин артыңардан бир нерсе жасаган учурда гана ээрчийбиз”, – деди Чолпон Жакупова.

Бул сөздөр кимдерге багытталгандыгы байкаган кишиге түшүнүктүү эле.  Кандай болсо да айтылган кеп ал жердегилерди союп эле түштү. Динара Ошурахунова тегерек столду жабууга шашты. Талкууда Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Равшан Жээнбеков, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Феликс Куловдор сөз алып сүйлөштү эле.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *