Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: “Бийликтин өзүн кандай тагдыр күтүп тураары чоң суроо болуп калды”

Мезгил

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясый илимдердин кандидаты, доцент, докторант: «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» – деген кеменгер кеп ажарына эми чыкты

Коомдогу көйгөйлөрдү, айрыкча, кыргыз саясатындагы алешемдиктер менен актуалдуу маселелер түрмөгүнө ар убак ташка тамга баскандай ой айтып, ишти түпкүрүнөн иликтеп-жиликтей алган саясат таануучу Чолпонбек Медеркулович менен бул сапар да сырттагы көйгөйлөр тууралуу маектештик. Каарманыбыз адатынча кудум күрөө тамырдан кармагандай жоопторун жолдоп турду.   

–Чолпонбек мырза, кыргызды эмес, дүйнөгө мүшкүл жараткан таажы ылаңы ансыз да өлөсөлүү турган экономикабызга оор сокку урду. Айтыңызчы, азыркыдай шартта кыргыз өкмөтүнүн алдында кечиктирилгис кандай иштерди кылуу милдети турат?

–Туура, буга чейин мындай кайсы бир ылаңга байланышкан кырдаал кандайдыр бир аймактын, континенттин же өлкөнүн чегинде гана болчу эмес беле. Бул жолу аты жаман ылаң бүт дүйнөнү камтыды. Адамзаттын соңку жаңы тарыхында мындай масштабдуу мүшкүл болбосо керек. Таажы ылаңынын социалдык жагы бир тең, экономикага тийгизген кесепети бир тең болду. Бул ылаң кудуреттүү өлкөлөрдү да чөгөлөтүп атат. Демек, башка түшкөн бул кырдаалдын экономикалык кесепети чабал өлкөлөр үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн “бечелге тийген жөтөлдөй” эле. Бул коогалаңдан чыгыш үчүн дыкат иштелип чыккан кризиске каршы программа жана аны ишке киргизе турган профессионал жана мобилдүү өкмөт керек. Биз экономика жаатында либерализм принциптерине ашкере берилип кетип, бул тармакты жөнгө салуунун мамлекеттик механизмдерин өтө алсыратып алганбыз.

Анын азабын эми даана тартмай болдук. Бирок, кандай гана кризис болбосун, ал жаңыланууга, жаңы жол издөөгө түртөт. Адам деле жарга такалганда же жанына күч келгенде жакшы идеялар келип, белин бекем бууп, чыйралат. Ошол сыңары, мамлекет да чыйралып, өкмөт сергек ой, чечкиндүү кадамдар менен ирденип кетүүсү мүмкүн. Бул бир чети табигаттын жазылбаган мыйзамы.

Бирок, азырынча биздин бийлик, өзгөчө өкмөт өрт өчүргүчтөй милдет аткарып жаткандай. Ата мекендик ишкерлерге, ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жүз буруу менен азык түлүк коопсуздугун камсыздап, ошол эле учурда экономикалык өнүгүүнүн локомотивин таап, жандандырып алууга болот.

Ким билет (?), кеч күзгө таяп кайрадан карантиндин кучагында калып калуу коркунучу бар. Мындай шартта ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өкмөттүн биргелешип, гармониялуу иштеши гана ар кандай кырдаалга туруштук берүүчү фактор. Антип ички потенциалды күчөтүүгө басым жасабай: «Кыргыз экономикасы баары бир чет өлкөлөрдөн көз каранды» – деп пессимистик маанайды кармануу азыркы шартта өтө опурталдуу.

–Өлкөдөгү азык түлүк коопсуздугубуз канчалык деңгээлде корголгону быйылкы жаздын үзүмчүлүк учурунда билинди окшойт. Агрардык өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун жөнгө сала албаган бийликтен мындан ары бир нерсе үмүт кылганга болобу?

–Азык түлүк коопсуздугубуз башынан эле кооптуу болчу. Азыркыдай чукул, ары катаал кризистик кырдаалга кептелбегенден кийин аны мамлекет жаап жашырып эле келген, Кыргызда айтылган «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» – деген кеменгер кеп ажарына эми чыкты. Ылаңдын айынан келип чыккан кризис болбосо деле алдыдагы жылдарга прогноз жакшы эмес болчу. Ооба, азыр өкмөткө, бийликке нааразычылык күч.

Бийликке болгон ишеним геометриялык прогрессия менен төмөндөп жаткан азыркы шартта коом таяныч точка, башкача айтканда, ишеним жараткан саясый күчтү тапса аларды ээрчип жүрүп берет го. Бийлик эптеп күзгө жеткен күндө да парламенттик шайлоодо коом протесттик маанайын көргөзөт окшоп калды. Кризис, экономикалык каатчылык азыр макро деңгээлден ылдыйлап, ар бир үй-бүлөнүн эшигин кагып кирип келди. Андай шартта бийлик «аттап, тондоп» шайлоого алып чыга турган эки бийликчил, эки олигархиялык партияны  (керек болсо бийликтин өзүн) кандай тагдыр күтүп турат? Бул жагы чоң суроо болуп калды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *