Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: “Бороновдой “типтүү” чиновниктин Баатырбековду тандашына таң калыштын кереги жок”

Мезгил

–Чолпонбек мырза, өкмөт башчылыкка Бороновдун көчүк басышынан да анын биринчи орун басарлыгына Алмаз Баатырбековдун бараары көпчүлүктү таңгалдырууда. Аткаруу бийлигинен тажрыйба күтпөгөн, парламенттеги “эт менен челдин ортосундагы” эл өкүлү болуп жүргөн бул инсан өкмөттүн ишин тартып кетиши күмөн тудурууда. Же андай эмеспи?

–Бул жагы “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” – дегендей эле болду. Азыр өлкөдө болуп көрбөгөндөй оор кырдаал түзүлүп турат. Өзү эле араң жан экономика өчөйүп калды. Жумушсуздук күн сайын күч алууда. Оруссиядагы эмгек мигранттарынын бир бөлүгү массалык түрдө Кыргызстанга кайтышууда. Өлкө экономикасынын локомотиви болгон орто жана чакан бизнес, карантиндик талаптар аларды араң жан абалга кептеди. Коңшу казактар транзиттик жүк ташууга бут тосуп жатышат.

Ушундай шартта реформатор, прогрессивдүү өкмөт аба менен суудай зарыл эле. Күчтүү, мобилдүү өкмөттүн келиши кайсы бир учурга чейин президенттин да абийирин жаап турмак. Биздин президентте өлкөнү акырындап кризисттен арылтып, өнүгүү тилкесине салуу ниетти деги барбы деген ойго салат (жок дегенде кризис менеджер керек эле).

Анткендин ордуна “типтүү” чиновниктерди өкмөткө апкелип “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” саясатын улантат окшойт. Бийлик сиздин, биздин, балдарыбыздын эсебинен тышкы карызды кылчактап койбой алып жатат. Кыскасы, бийлик бүгүнкү күн менен жашап калды. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун тандалышы, ал өзүнүн биринчи орун басарлыгына Алмаз Баатырбековду тандашына тан калыштын кереги деле жок. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” – деп коет мындайды. Башка эчтеке айталбайм!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *