Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, саясый илимдердин кандидаты, доцент, докторант: “Бийлик өрт өчүргүчтүкүндөй ролду аткарып калды”

    Мезгил

Биз суроо бердик. Белгилүү саясат талдоочу кайрадан өлкөдөгү кырдаалды сыдыргыдан өткөрүп, адатынча “ташка тамга баскандай” аргументтерге негизделген ойлору менен бөлүшүп, жооп узатты. Бул жагына көпчүлүк тараза болоор. 

–Чолпонбек мырза, азыркы бийлик системасы менен Атамбаевдик режимдин кандай айырмачылыктарын байкап жатасыз? Система алмашканына 3 жылдын жүзү болду. Деги өзгөрүү болчуданбы? Же түңүлдүкпү?

–Көпчүлүк учурда «системаны оңдош керек» деген ойлор айтылат. Системанын түп-тамырынан өзгөрүшү деле аны өзгөртүүнү каалагандардын позициясына, саясый эркине көз каранды. Мындайча айтканда, адам фактору чечүүчү чоң роль ойнойт экен. Атамбаев режими сын пикирлерди көтөрө албаган сындарга жаалданган жооптору, өзүм билемдиги, оппоненттерге катаалдыгы менен мүнөздөлчү. Система өзгөрүш үчүн бийлик эгесинде реформаторлук дух, ошол реформаларды аягына чыгарууга бекем эрк, күчтүү каалоо керек. Тилекке каршы, азыркы бийлик 3 жылга аяк басты, андай чечкиндүү кадамдарга барып, мамлекеттик масштапта социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү алып келчү реформаларга бара алган жок. Ал эми бул жыл жаңырганы өрт өчүргүчтүкүндөй эле роль аткарып калды.

Күздө болчу Жогорку Кеңешге шайлоо Кыргызстанда бийликти өткөрүп берүүнүн биринчи этабы. Ушул күздөгү бийликтин транзитинин кандай ишке ашышы, Жогорку Кеңешге келген саясый күчтөрдүн конфигурациясын карап туруп, азыркы бийликтин түпкү ниетин баамдаса болот.

Байыркы Кытай элинде: «Өзүң билбей кал, билгендерден кенеш сурап, тегерегиңе тартпай кал» деп каргашчу экен. Биздин бийлик ошондой каргышка калганбы (?) деп ойлоп кетесиң. Экономика кургуйга кулап баратат, президенттин рейтинги геометриялык прогрессия менен түшүүдө. Пандемия кокодон алып турат. Ушундай шартта бийлик жалаң өзүнө лоялдуу партияларды парламентке алып келгенге жан үрөп, элдин кыжырынын чегине жетип, жарылууга жеткиреби деп чочуйм. Бул бийлик өлкөнү өзгөртөөрүнө үмүт үзүлдү. Эми өзгөртө турган прогрессивдүү күчтөрдүн парламентке келишине жол ачса бир кездеги Ельциндей көп күнөөлөрүн жууп алмак.

–Парламенттик шайлоо чоң чырдын башатына жол ачаарын эксперттер саймедирешүүдө. Сиздин анализ кандай?

–Ага негиз бар. 2005-2010-жылдары да кырдаал азыркыдай кыйчалыш эмес болчу. Азыр элдин социалдык, экономикалык абалы, күздө саясый кырдаал курчуса кандай күнгө кептелебиз? Ошого аң сезимдүү түрдө баратпайбызбы.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *