Чолпонбек Сыдыкбаев талапкер болуудан баш тартты

Мезгил

Коомчулукка саясат талдоочу катары кеңири таанылган Чолпонбек Сыдыкбаевди билесиңер да? Саясаттын күңгөй-тескейин терең иликтеп-жиликтеген, учур кырдаалына таамай, так анализ берген, мезгилдүү басма сөзгө аналитикалык курч макалаларды жандуу жазган каарманыбызга бир катар партиялардан сунуш түшкөн. Чолпонбек мырза, баарысынан сыпайы баш тартып, 5 жылдан бери мүчө болуп келаткан “Мекен Ынтымагы” партиясынан “ойт берип” кетпей, туруктуулугун көрсөткөн эле. А бирок, партия жетекчилиги Чолпонбек Сыдыкбаевдин эчактан бери келаткан туруктуу позициясын, команда үчүн ысык-суукта күйгөн эмгегин унутта калтырып, тизменин артына жайгаштырып салган экен, Чокебиз партлидердин мындай “сюрпризинен” сыпайы баш тартып баса берди. Туура кылат! Капчыгы калыңдардын кулуна айланган мындай топ менен келечекти кантип бирге курууга болсун? Андан көрө көнгөн илимий жааттагы изинен жазбай, докторлугун ийгиликтүү жактап, келечек муунга сабагын берип жүргөнү чоң олжо эмеспи. Айрым саясый топтогу аферисттерге бийик кадыр-баркын тебелетпей, саясый илимдердин кандидаты, доцент катары коомчулукка негиздүү, маалыматка бай аналитикалык пикирлерин жарыялап турса оң да. Туурабы? Шайлоо сайын жыдып, элдин колдоосунан куру калгандарга кошулуп алып кай муратка жетмек эле?

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *