Чотбаев: Атамбаев менен сүйлөшүүнү К. Асанов жүргүзгөн. Жунушалиев өзүн жоготуп эмне кылаарын билбей жүргөн

Мезгил

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Кой- Таш окуясында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында сүйлөшүүлөрдү Курсан Асанов жүргүзгөндүгүн, ал учурда Кашкар Жунушалиев өзүн жоготкондой, эмне кылаарын билбей жүргөндүгүн   ички иштер органдарынын кызматкерлери айткандыгын  айтты.

“Мен ал жерде болгон эмесмин.  Бирок, мен беделдүү кызматтарды ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери менен баарлашкам. Алардын бардыгы сүйлөшүүнү Курсан Асанов жүргүзгөнүн, ал эми Кашкар Жунушалиев өзүн жоготкондой, эмне кылаарын билбей жүргөнүн бир ооздон айтышты. Эч ким менен эч кандай сүйлөшүү кылган эмес. Жеңүүчүлөр менен баатырлар дайыма көп чыга келет, ал эми жеңилүү бир гана”-дейт Чотбаев.

 Белгилей кетсек, буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Кой- Таштагы окуяда Алмазбек Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүүгө баргандыгын айткан.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта УКМК тарабынан жүргүзүлгөн. Бирок ал ийгиликсиз болуп, 8-августта бул ишти ички иштер министрлиги колго алып Атамбаев өзү колго түшүп берүүгө аргасыз болгон.

Ал эми көп өтпөй Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.  Ал  Атамбаевди кармоо учурунда  өзүн пиарлоо менен алек болду деген жүйөө  менен  кызматтан алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

2 Comments on “Чотбаев: Атамбаев менен сүйлөшүүнү К. Асанов жүргүзгөн. Жунушалиев өзүн жоготуп эмне кылаарын билбей жүргөн”

  1. К.Асанов с Атамбаевым оказываеться с ним Вась Вась по этому ему легко сдался

  2. деьнги решают все, Курсана кормил Атамбаев по этому ему легко сдался

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *