Чубак ажы Жалилов: Үйдө жамбаштап жатканыбыз, мамлекетке кошкон салымыбыз

   Мезгил

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов жарандарды үйдө жатып бергенибиз мамлекетке кошкон салымыбыз деп жарандарды үйдө болууга чакырды.    

-Кайсы нерседен өлөбүз, кимге оору жугат, кимге жукпайт ал кудайдын иши. Бирок, сактануу бул биздин мойнубуздагы милдет. Сактансаң сактаймын деп айтылган.  Демек, ушул учурда муфтият, молдолор баш болуп мусулмандардын дин сабатын жоюуга көп көп аракет кылышыбыз керек.  Кыргыздын өзүнүн философиясында эң жыргал жашоо жамбаштап жатсаң сонунда деген. Азыр кыргызга дал келген ушул болду азыр элге тийген пайдабыз, мамлекетке кошкон салымыбыз үйдө жамбаштап жатып эле жатып бергенибиз болуп калды. Таразага салганда көптөгөн соопторду басып өтө турган чоң сооп болуп саналат-дейт Чубак ажы.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *