Чуулгандуу сүрөт. Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматтан кетет

   Мезгил

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматынан кетет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринен билдиришти.

 Маалым болгондой, анын кызматтан кетүүсүнө Шыгаев мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал себеп болгон.

25-апрелде картиналарды сактоочу жайды текшерүү учурунда Н.Сверчковдун “Ат менен ит” картинасына зыян келтирилгени байкалган. Сүрөттүн айрым жерлеринде, өзгөчө сол тарабында боёктор эң төмөнкү катмарга чейин өчүп, аттын сүрөтү, иттин башындагы, эшиктин түркүгүндө боёктор өчүп калган. Сактоо боюнча жооптуу кызматкер Т.Попова картина директордун колунда болгонун, ал качан жана кантип алганын билбей турганын айткан. Мындан сырткары министрлик тарабынан орус искусствосунун түп нускаларын текшерүү башталганда 2014-жылы ошондой абалда алып келип бергенин билдирген.

Ал эми Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда капыстан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.

Бул боюнча  атайын түзүлгөн комиссия Шыгаевдин музейдеги сүрөттөрдү алганын аныктаган. 

Ал ортодо Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов: 

“Ишти иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын аныктамасы боюнча Шыгаев сүрөттөрдү алганы чын болуп чыкты. Аны өзү да мойнуна алды. Комиссиянын курамына көрүнүктүү сүрөтчүлөр, министрликтин кызматкерлери, кайра жасалгалоочулар кирген. Бизге бул боюнча арыз келип түшкөн. Учурда комиссия бул фактыны карап жатышат. Юристанбек Шыгаев өзү кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Менде турат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы бүгүн кечинде чыгат», — деди.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *