Чык эшикке! Гурбангулы Бердымухамедов ички иштер министрин жыйындан кууп чыкты (видео)

  Мезгил

Түркмөнстандын  президенти Гурбангулы Бердымухамедов ички иштер министри Исгендер Муликовду коопсуздук кеңештин жыйынында кызматтан алып, залдан кууп чыкты.  Бул тууралуу  жергиликүү басылмалар жазды.

 Мындан сырткары генерал-лейтенант Муликов бардык наамдарынан ажыратылды. Буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Мындай чечимди президент Башкы прокуратуранын иликтөөсүнөн кийин кабыл алган.

Ошондой эле Муликов менен бирге бир катар кызматкерлер кызматтан алынды.

44 жаштагы Исгендер Муликов буга чейин отставкага кетүү боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылган, бирок ал анын өтүнүчүн четке каккан. Муликов бул кызматка 2009-жылы келген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *