Чынара АДАМКУЛОВА: “Өлкөбүздөгү окуу жайларда студенттердин саны жыл сайын азайууда”

Мезгил

Жай турмушта дал ушул маалда келечекке карай умтулган абитуриенттерибиз жогорку окуу жайларга тапшырып, билим берүү мекемелеринде жандануу байкалаар эле. А азыркыдай абалда бул жаат кантип жатат? Мындай соболго К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору Чынара айым жооп узатты.

Чынара айым, Кыргызстанда абал барган сайын курчууда. Мындай шартта сиз башкарган окуу жай абитуриенттерди кандай жол менен кабыл алууда?

–Быйыл эпидемияга байланыштуу эч кандай байланыш болбошу үчүн онлайн режиминде документтерди каттап жатабыз. Сырттагы шартты эске алып абитуриенттер үчүн экзамендерди онлайн режиминде өткөрөбүз.

–Окууга тапшырган абитуриенттердин көрсөткүчү жылдагыдай элеби? Же азбы?

–Талапкерлердин саны өткөн жылга салыштырмалуу бакалавриат үчүн бирдей. Бирок, магистратурага азыраак болууда.

–Билим берүүдөгү дасыккан адис катары азыркыдай шартта ЖОЖдорго кандай сунуштарды сунуштайт элеңиз?

–Баардык студенттер үчүн акысыз мүмкүнчүлүк берүүчү бирдиктүү улуттук билим берүү аянтчасын түзүү керек. Баардык студенттер мыкты университеттердин ресурстарын колдоно алышы зарыл. Бул үчүн билим берүү министрлиги милдеттүү дисциплиналар боюнча онлайн курстарды иштеп чыгуу үчүн сынак өткөрүшү мүмкүн.

–Акыркы мезгилде чет өлкөдөн билим алууга кеткен жаштар көбөйдү. Мындай шартта өлкөбүздөгү ЖОЖдордо студенттердин саны азаяры белгилүү. Ошентип отуруп биздеги окуу жайлар студенттердин аздыгынан өзүн-өзү актабай, жабылып калбайбы?

–Чындыгында соңку убакта барган сайын студенттердин саны жыл сайын азайып баратат. Өлкөбүздөгү университеттер өз программаларын өзгөртүп, көбүрөөк жагымдуу программаларды издеп жатышат. Көптөгөн университеттер орто кесиптик билим берүү колледждерин ачып жатат. Ошентип, алар жогорку билим берүү системадан чыгып, орто билим берүү системасына өтүшүүдө.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *