Чынара ЭСЕНГУЛ, саясый илимдердин кандидаты: “Бизде шайлоодон соң Беларуссиядагы көрүнүш толук кайталануусу ыктымал…”

    Мезгил

Биз Чынара айым менен өлкөдөгү соңку кырдаалдан кеп козгоп, баарлаштык. Саясатты талдап, андагы күңгөй-тескей көрүнүштөрдү иликтеп-жиликтеп жүргөн кымча бел айым бул сапар да кызыктуу кептен сөз учугун улады. Байкап көрүңүздөр.  

–Чынара айым, өлкөдөгү азыркы абалды, өзгөчө партиялардын тизме түзүүдөгү көрүнүштөрүн кандайча баалайт элеңиз?..

–Жалпы өлкөдөгү абал жакшы эмес. Негизги себеп – бул албетте, таажы ылаңы болууда. Анткени, элдин көпчүлүгү ооруп, айыккандар дагы эле толугу менен өзүнө келе албай же болбосо жакындарын жоготуп, кайгысынан чыгалбай; “ылаң дагы күч алып, күзүндө дагы бир толкун болот” деп коркуп турган абалды башыбыздан өткөрүп жатабыз. Дагы бир ири факторлордун бири – бул социалдык-экономикалык абалдын өтө эле начарлашы. Көптөгөн чакан жана орто бизнес чоң жоготууга туш келип, кайра жанданганга потенциалы жок болуп турат. Мамлекет өтө эле алсыз болгон үчүн башка мамлекеттерге окшошуп, колдоо көрсөтө алган жок. Сырттан келген мигранттардын саны 30 миңден ашты, бул маселени чечүү жолдору жөнүндө бийликтен эч кандай кабар жок. Кыскасы, элдин көпчүлүгү “тириликте калуу” режимде жашап жатат.

Ушундай абалда, шайлоонун өткөрүлүшү, менимче туура эмес, моралдык-этикалык жактан жана практикалык жактан дагы. Эл чыныгы өз тандоосун жазоо үчүн шарттар түзүлгөн жок. Баардыгы шашылыш түрүндө даярдалып жатат. Партиялардын программалары баягыдай эле лозунгтар, таттуу сөздөр жана убадалар. Бирок, терең ойлонуп жазылган, комплекстүү түрдө өнүгүү жолдорун сунуштаган бир дагы партиянын программасын көрө алган жокмун. Мазмундуу саясат жок болгону өкүнүчтүү. Баягы эле эски саясый оюнду көрүп жатабыз, эски схемалар иштеп жатат. Мисалы, 2007-жылы Бакиев президент болуп турганда «Ак Жол» деген партия шайлоого аз убакыт калганда эле пайда болуп, бирок, жеңишке ээ болгон. Азыр “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары ошондой эле схемаларды иштетет. Административдик ресурс колдонулуп, бул партиялар сөзсүз Жогорку Кеңеште бир топ орунду алышат.

Ата-Мекен жана “Бир Бол” партиялары жаңы адамдарды тизмеге кошуп, элге “көрдүңөрбү, биз жаңы команда менен келе жатабыз, эски депутаттардан тажасаңар, мына жаңы адамдарды алып келген турабыз” деген ойду билдирүү аракети болуп жатат. Мындай кадам, партия лидерлеринин жаштарды колдонуп, бийлике келүү аракети. Жаштарга болсо, саясатка келип, тажрыйба топтоп, өзүнүн атын чыгарып, мүмкүн болсо элге кызмат кылуу аракети деп баамдайт элем. Бирок, эч нерсе принципиалдуу түрдө өзгөрбөйт. Анткени, байлыгы көп байкелерибиз же сот процесси толугу менен аягына чыкпаган саясатчылар системаны өзгөртүүгө кызыктар эмес, оппозияны бар эсе деп айта жүргөнгө жазалган бийликтин эле “долбоорлору” деп ойлойм. Орусча “контролируемая оппозиция” деп айтышат.

Текебаев мырза сотто иши болгон үчүн шайлоого бара албайт, бирок, ал «жаштарга мүмкүнчүлүк берип жатам» деп элге башкача тартуулады. Менин жеке оюмда жаштар өзүнчө эле биригип, күчтүү программаны иштеп чыгып, элге сунуштаса эң туура болот эле. Албетте, жаштарда материалдык каражаттары жок, ошол үчүн шайлоого катышуу күмөн болушу мүмкүн эле. Бирок, бийлике келебиз деп жаштар дагы эски схемалар менен ойноп баштады, демек, жаңы жана жакшы натыйжаны күтүш мүмкүн эмес.

–Парламенттик шайлоодон кийин Белоруссиядагы көрүнүш бизде да кайталанып кетпейби?

–Кайталануусу толук ыктымал. Анткени, эл бийлике ишенбейт. Административдик ресурс катуу колдонулса, шайлоо жыйынтыктары мүмкүн болушунча бурмаланса, анда, албетте чоң шылтоо болот, эл көчөгө чыгат. Бирок, элди үндөп, уюштуруп, протестке алып чыгыш үчүн нааразы болгон лидерлер керек. Андан тышкары, тышкы күчтүн дагы ролу болот. Белоруссияда Орусия жана Батыш дагы кийлигишип жатат, бизде дагы ошондой болушу мүмкүн. Бирок, биз кызыл кандуу эл экенбиз, белорус элине окшоп, тынчтык жолу менен каршылык көрсөтө албайбыз. Түштүк-түндүк бөлүнүү күч алышы мүмкүн.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *