Чынара ЭСЕНГУЛ, саясый илимдердин кандидаты: “Эл бийликке ишенбей калды…”

   Мезгил

Ар убак оригиналдуу ой-пикирлери менен коомчулукка жарк этип чыгып турган бир айым бар. Ал Чынара Эсенгул. Кыздардан чыккан сейрек саясат талдоочу менен учур кырдаалынан кеп козгодук.

–Чынара айым, көпчүлүк тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына карата “кырдаал оор болуп жатса эл өкүлдөрү каникулда жатышат” – деген кептер басымдуулук кылууда. Ушул боюнча пикир билдире аласызбы?

–2010-жылы Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик системаны курабыз деп чечтик эле. Андан бери 10 жыл өттү, бирок, парламент күчтүү болуш үчүн керек болгон шарттар түзүлгөн жок. Тескерисинче, Жогорку Кеңештин деңгээли ар бир чакырылыш сайын төмөндөп, кабыл алынган мыйзамдардын көбүнүн сапаты төмөн жана элдин чыныгы муктаждыктарына дал келбеген болуп келди. Кабыл алынган мыйзамдарга көзөмөл кылуу функциясын да таптакыр аткарышкан жок. Эми мындай оор абалда, 5 жылда кыйратып деле эчтеке кылбаган депутаттар, жоопкерчиликти өздөрүнө алып, өздөрү алып келген өкмөт менен бирге кризистен бизди чыгарып кетет деген ойдон алысмын. Жоопкерчиликти эч ким алгысы жок, ошол үчүн эл өзү менен өзү калды. Чындап келсе март жана апрель айларында Жогорку Кеңеш өкмөттөн кризистен чыгуу пландарын сурап, бекитип, керек болгондо жардам берип, туура болгондо сын айтып, иштеш керек болчу. Убакыт өтүп кетти, даярдык стратегиялык пландоонун негизинде жазалган эмес. Жогорку Кеңеш тескерисинче шашылыш түрдө өтө маанилүү эмес, элдин кыжырын келтирген мыйзамдарды алып, каникулга кете беришти. Мындай кадамдар абдан өкүнүчтүү.

Дагы кошумча айта кете турган нерсе, бул күзүндө өтө турган шайлоо боюнча. Акча каражат жок, элибиз абдан оорудан кыйналып турганда, Жогорку Кеңеш ошол кризистен кандай чыгып, мыйзамдык чөлкөмдө шайлоону кийинки жылга жылдырып, илдет менен эл жана өкмөт менен бирге күрөшүп, жеңип чыккандан кийин деле өткөрсөк болобу деген ой келет экен. Бирок, мындай нукта ойлонуп, ушундай позицияда боло турган депутаттар өтө эле аз.

–Президент Жээнбековдун отставкасын талап кылган катмардын күн сайын көбөйүп баратышы эмнени билдирет?

–Азыркы президенттин легитимдүүлүгү башынан эле аз жана акыркы айларда ылдам төмөндөп кеткендиги жөнүндө билдирет. Элдин ишеними жок, эл бийликке ишенбей калды. Анткени, орчунду өзгөрүүлөр болгон жок, Президент башкаруу системадагы болгон кемчиликтердин туткуну болуп калды десе болот. Кыргыз элинин саясый маданияты бир адам, бир жакшы мыкты лидер келсе чечет деген маданият. Ошондой ой жүгүртүүнүн негизинде элдер президенттен чечкиндүү кадамдарды күткөн, бирок, андай чечимдер жана кадамдар болгон жок. Чечкиндүүлүк жана жоопкерчиликти алуу болгон жок. Кимисин алба, президент болобу, өйдөдө белгилегендей парламент болобу же бат-бат башчыларын өзгөртүп турган өкмөт болобу. Ошон үчүн эл, чечкиндүү кадамдарга бара турган, элдин кызыкчылыгы үчүн күнү-түнү иштей турган адамдарга муктаж болуп турат. Азыркы президенттин командасында деле, өкмөттө деле патриот адамдар бар, бирок, аз. Система өзгөрбөсө, натыйжа болбойт.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *