Чыныбай Турсунбеков: Аспеков 11 миң доллар талап кылган

Мезгил

Чыныбай Турсунбеков жарандык активист Мелис Аспековдун үстүнөн УКМКга арыз жазды. Анда Мелис Аспеков өзүнөн 11 миң доллар  доолагандыгы тууралуу маалымдалган. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбековдун өзү ЖМК өкүлдөрүнө:

– 2019-жылы 4-июндан 9-сентябрга чейинки мезгилде Аспеков опузалоо менен, менден акча каражатын талап кылган. Эгер ага 11 миң АКШ долларын бербесем, мен жөнүндө каралаган маалыматтарды ЖМК жана Интернет аркылуу таратып жиберем деп коркуткан. Талап кылынган сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, Мелис Аспеков мен жөнүндө такталбаган маалыматтарды жазып жана тарата баштады, – деп билдирген.

Эске сала кетчү нерсе, мурда укук коргоо органдары бул иш боюнча иликтөө жүргүзүп, далилдер жетиштүү болбой иш жабылып калган. Ал эми 2019-жылы жайында активист Мелис Аспеков соцтармактарда 2011-жылы Бишкектин ликер-арак заводунун арзан баада сатылышына Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун тиешеси бар деген макаларды жаза баштады. Кийин Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алган деген арыз менен Башкы прокуратурага кайрылды. Башкы прокуратура буга байланыштуу ишти УКМКга жиберип, ал сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.

Ал эми Чыныбай Турсунбековдун арызы болсо үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында жазылгандыгы тууралуу депутаттын өзү билдирди.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *