Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: “Атамбаев камалганы жолуккан жокмун”

Мезгил

–Чыныбай мырза, бир кездеги сиз башкарып калган кубаттуу КСДПнын эки ажырым жолго түшүп, күнү бүтүп калганына кандай пикириңиз бар? Бийлик бул партияны Атамбаевден тартып алганына гана курсант болбой, бөлүп-жарып салды да, туурабы?

–Албетте, миңдеген катардагы мүчөлөрү бар партияны алар ишенген саясый кеңеши, бир ууч лидерлери азыркы абалга апкелип, кептеп коюшу өтө өкүнүчтүү. Эгер жеке амбициядан жогору көтөрүлө алышканда, идеялык биримдик болгондо абдан катуу штормдорго да туруштук берилмек. Керек болсо партия өзү толкун жаратмак. Ал эми бут тосуулар, бузукулук ар дайым жана ар бир күчкө каршы болот.

–Парламенттик шайлоого катышсаңыз керек. Катышсаңыз позицияңызды тактап, кимдер менен бир кайыкта болооруңуз белгилүү болдубу?

–Шайлоого бирге аттанууга сунуштар жетиштүү. Мен бир-эки ньюансты тактагандан кийин чечим кабыл алам.

–Абактагы Атамбаевдин абалынан ал киши камалганы кабар ала-алдыңызбы?

–Кабарым бар.

Жолуга алган жоксуз да ээ?

–Жок!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *