Чырлуу “Голос. Дети” шоу программасынын финалистеринин баардыгы жеңүүчү аталышты

Мезгил

“Голос.Дети” телевизиондук шоу программасынын алтынчы сезонунун  финалистеринин баардыгы жеңүүчү аталышты.  Бул тууралуу    Биринчи каналдын башкы директору Эрнст орусиялык басылмаларга билдирди. 

“Биз мүмкүн болгон баардык жолдорду карап чыктык. Жана кайрадан добуш берүү мүмкүн эместигин көрдүк”-дейт  ал.

 Жаш таланттар сынагынын жеңүүчүлөрү катары  финалга Ержан Максим, Нино Чеснер, Валерий Кузаков, Рената Таирова, Роберт Багратян, Анастасия Сисаури, Михаил Григорян, Мариам Абделькадер жана Микелла Абрамовалар  чыкты.

  Ошондой эле  программанын алып баруучусу Дмитрий Нагиев финалга өткөн ар бир катышуучу 1 млн рубль алганын айтты.   

Белгилей кетсек, Орусиялык ырчы, телеалпаруучу Алсунун 10 жаштагы кызы Микелланын “Голос.Дети” телевизиондук шоусунун 6-сезонундагы жеңишинен кийин ызы-чуу чыккан.

 Биринчи канал аталган шоунун алтынчы сезонунун жыйынтыгын жокко чыгарып, 24-майда финалга өткөн катышуучулар менен атайын чыгарылыш даярдоо чечимин кабыл алган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *