COVID-19: Бишкек коменданты 7 күн үйдөн чыкпоону сунуштайт

Мезгил

Бишкек шаарынын коменданты шаар тургундарына 7 күн үйдөн чыкпоону сунуштады. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы бейтаптар менен байланышта болгондордун 14-21-күндүк инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоо зарыл.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирусту жугузуп алган 14 адам аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын алтоо – Бишкек шаарынын тургундары. Ал эми бешөө Жалал-Абад облусунан болсо, эки адам Жалал-Абад шаарынын тургундары. Чүй облусунан бир адамдын коронавирустук жугузуп алганын жаңы аныкталды. Алардын төртөө башка өлкөдөн жугузуп келсе, калган 10 адам Кыргызстандын аймагында жугузган.

Кыргызстанда жалпысынан 130 тастыкталган учур катталды. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 61

  • Ош облусунда – 30

  • Чүй облусунда – 6

  • Баткен облусунда – 3

  • Ош шаарында – 10

  • • Бишкек шаарында – 14

  • Нарын облусунда – 4

  • Ысык-Көл облусунда – 2 учур катталган.

Коронавирустун катталган учурлардын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер. Ондон ашык жаш балдар бар.

Жугуштуу илдетти жугузуп алган бир адам каза болду. Беш адам буга чейин айыгып, ооруканадан чыгарылганы кабарланган.

Учурда төрт адам оор абалда ооруканада жатат. Ал эми өлкө боюнча 1900 адам обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *