COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт

Мезгил

COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган медицина жана башка кызматкерлерге эки жүз миң сом, каза болгон учурда үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет.

Компенсацияларды төлөөдө алгач атайы комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Кошумчаласак, өлкөдө 221 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *