COVID-19 оорусу тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө

Мезгил

COVID-19 оорусу тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми милиция кызматкерлеринин арасында коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Буга чейин вирус аныкталган 12 кызматкер дарыланып жатат. Ал эми Кант шаарындагы прокуратуранын коронавирус жуктуруп алган кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калат деп ишенем –деди Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавирус аныкталгандардын арасында 15 жашка чейинки балдардын саны 75ке жетти. Анын ичинде төртөө 1 жашка чейинки наристелер.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *