COVID-19: Таажы ылаңына кабылган атка минерлер

Мезгил

Аты жаман ылаң өлкө аймагында катталгандан бери аны жуктуруп алган атка минерлердин аты-жөнүн алдыңарга жайып бердик. Кеттик анда бүшүркөбөй бирден санайлы:

  1. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден да аты жаман илдет аныкталды. Жергиликтүү чиновниктен оорунун белгилери байкалбай өтүп жатканы маалым болгон. 18-июнда мэр Мураталы мырзанын ылаңга каршы тапшырган анализинин жыйынтыгы анда дарт бар экенин тастыктаган. Учурда тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы маалым болду.

  1. Ош облусундагы Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевден атың өчкүр таажы ылаңы 18-июнда аныкталган. Учурда изоляцияда жаткан акимдин абалы жакшы. Ушул күндөрү аким менен чогуу эриш-аркак иштешкендердин баарысынан анализ алынууда.

  1. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан да чыккан. Бул тууралуу ал өзү медиага: “Урматтуу кесиптештер, ушул дем алыш күнү температура болгондугума байланыштуу үйдө отуруп иштеп жаткамын. Эртең жумушка чыгар алдында алдын-ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурлар менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактыда болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанттык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин баардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот. Сиздердин ишиңиздердеги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз! Карантин учурунда бир дагы кесиптешим менен кол алышып учурашкан эмесмин, жумуш маалында ар дайым антисептик, беткап колдонуп келгемин. Тилекке каршы, “аяган көзгө чөп түшөт” – дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду. Ылайым, оорубаңыздар! Урматтоо менен Ибраим Нуракун уулу” – деп билдирген. Кесиптешибиздин мындай пикиринен соң ашыкча кеп деле айтуунун зарылчылыгы жок. Болгону сакайып кетсин!

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2789 адамга жетти. Алардын ичинен 1961 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус аныкталгандан кийин 32 адам каза болгон. Ошондой эле COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 11 609 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *