Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган коронавирустан 60 адам айыгып ооруканадан чыкты

Мезгил

Дүйнө элин дүрбөлөңгө салган коронавирустан бир аптанын ичинде айыгып чыкса болот. Оору өтүшүп кеткен  түрү болсо, эки апта ичинде сакайып чыгууга мүмкүн.   Ошол себептен, ооруканадан сакайып чыккандардын саны өсүүдө. Бул туурасында  Кытай Республикасынын мамлекеттик комитеттинин  эксперттик тобунун саламаттыкты сактоо боюнча мүчөсү Ли Синван билдирди.

“Азыркы убакта оорулуулар вирустун жеңил белгилерине байкалганда  бир апта ичинде эле эле айыгып, ал эми оор түрөнө чалдыккандар эки аптада же андан кичине көп күндөн кийин эле сакайып чыгып атышат. Ошол себептен ишенич бар, акырындык менен ооруканадан сакайып чыккандардын саны өсөт” – дейт Ли Синван.

 Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин  Акыркы маалыматтарына алып караганда, Коронавирусту жугузуп алгандардын саны 4515 адам, анын ичинен 106 сы көз жумса, 60 киши сакайып ооруканадан чыккандар.  

Бул вирус   Гонконг, Макао, Тайван, Таилан, Япония, Түштүк Корее, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия жана Германия өлкөлөрүнө чейин жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *