Дүйшөн Ирсалиевдин ишмердүүлгү бийликтин бетине чиркөө болууда

Мезгил

Аз күн мурун “Кыргызстан” фракциясынын Канат Исаев башында турган депутаттары Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Дүйшөн Ирсалиевдин ишмердүүлүгүн талкууга алышып, анын жакын туугандарынан өйдө кызматка алган былыктарын ачыктап беришти. Бул эми Ирсалиевдин ишиндеги бир гана “күкүм” десек болот. Эгер тиешелүү органдар бул эргулдун тээ Нарын эркин экономикалык аймагындагы ишмердүүлүгүнөн бери тыкыр иликтөөгө алышса “бүксүйт” беле? Атамбаевдин учурунда улам бир “креслону жыртып”, жыл айланбай кызмат алмаштырган Ирсалиев эски бийлик тушунда өлкөбүздүн бүтүндөй түндүк аймагына кадрдык дайындоолорго кураторлук кылып, чалмакейди чалганын билесиңерби?

Бүгүн да өкмөт башчы Абылгазиевге ишенип, Кочкор районундагы мектеп директорлоруна чейин кадрдык дайындоолорго “мурдун тыкканы” жалган дейсиңерби? Эгерде уят, адамкерчилик, морал өңдүү сапаттар бул эргулда болгондо эчак эле кызматын тапшырып, Атамбаевдин артынан баса бермек. Президенттик аппарат Ирсалиевдин ишин иликтеп, Кочкор районунун “итинен битине” чейин кийлигишкен “өнөрлөрүнө” кой-ай деп койбосо абал чатагына айланып кетпейби? Биз мындай баскан изи күмөн туудурган жетекчинин ишин эл өкүлдөрү менен биргеликте кененирек иликтеп чыкпасак болбой калды. Күтө тургула.   

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *