Дүйшөнбек Зилалиев отставкага чыкканда байыптыр

   Мезгил

  Бул тууралуу Дүйшөнбек Зилалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирген. Эске сала кетчү жагдай Зилалиевди мыйзамсыз баюу беренеси боюнча айыптап жатышат. Жактоочунун айтымында экс-вице-премьер-министр отставкага чыккандан кийин материалдык шартын жакшырта алгандыгы тууралуу бардык далилдер бар. Ошондуктан Зилалиевге коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз деп санайт.

Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык кутучасынан 1 миллион долларга жакын накталай акча, өздүк декларациясында көрсөтпөгөн үй жана батирлери табылган. Бирок ал, бул далилдерге карабастан өзүнө тагылган айыпты саясий шоу деп атап, күнөөсүн мойнуна албай келет.

Зилалиевге байланышкан иш бир гана банктык кутучадан алынган долларлар жана башка бирөөнүн атына катталган хан сарай жана батирлер гана эмес, жубайына да иш козголгон. Анын Латвиядагы банктык эсебинен акча табылган. Бул тууралуу Латвия бийлиги Кыргызстандын укук коргоо органдарына акчаны адалдоого шек болушу мүмкүн деген мааниде кат жиберген. Биздин укук коргоочулар тергөө иштерин жүргүзүп келишет. Бул айыптоону да Зилалиевдер моюндашкан эмес. Латвиянын банкындагы акчалар алардын балдарынын контрагына төгүү үчүн которулган акча каражаттары болчу деп актанып келишет.

Атамбаевдин Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуяларынан кийин Зилалиевдин ишине дагы бир иш кошулду. Анда Зилалиевди Атамбаевдин кылмыштуу иштерине шерик болгон деген айып тагылган. Мурдагы президентин кылмыш иштерине байланышкан тергөөнүн жүрүшүндө анын коррупциялык аракеттеринен улам сурма кенине баасы ылдыйлатылган лицензия алуу үчүн Зилалиевди тарткандыгы маалым болгон. Ошондой эле бул ишке Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин стас-катчысы Шерикул Султановдун да тиешеси болгондугу айтылып келет. Бирок жактоочу Таалайкүл Токтакунова бул ишти да жөн эле ойдон чыгарылган иш деп санайт экен.

Укмуштуунун төөсү жорго деген ушул белем. Маселен, бир топ эле чиновниктер асыл тукум жылкыларды, эт багытындагы бодо малдарды бактырып, жайыт жерлерди ижарага алганын, балык чарбасы, мал чарбасы, күнөсканалары бардыгы тууралуу, алардан түшкөн киреше бир нече миллион сомду түзөрү тууралуу декларацияларында ачык жазып келишет. Ал эми айрым депутат жана атка минерлердин кимисинин кандай бизнеси бардыгы тууралуу эл жакшы эле кабардар. Аларга салыштырганда белгилүү соода борбору же элге көрүнгөн бизнеси байкалбаган Зилалиев кантип эле отставага чыккан кыска убакыттын ичинде бай болуп чыга келгендиги жоопсуз суроо жаратат экен?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *