Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иши сотко өттү

Мезгил

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой,  иликтөө аяктап, иш Биринчи Май райондук сотунда каралмакчы.

Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматты аркалап жүргөндө, анын расмий кирешесинен көп болгон мүлккө ээ болгон деген айып тагылууда.

 Эске салсак, былтыр декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевден декларацияда көрсөтүлбөгөн үй, батир жана банктык эсептеги миллиондорду тапкан. Ал күнөөнү мойнуна албай келет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *