Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун ордунда заманбап спорткомплекс курулат

   Мезгил

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун ордунда заманбап спорткомплекс курулат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. 

Анын атйымында, арена өзүнө 3 миң адамды батырат.

Анда спорттун оюн жана күрөш түрлөрү боюнча турнирлерди өткөрүү пландалууда. Комплекстин курулушу болжол менен 200 миллион сомго айланат. Каражат берүүгө даяр инвестор табылды. Долбоор качан ишке ашаары азырынча белгисиз. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *