Даатыңды кимге айтасын: Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар (фото)

Мезгил

2019-жылдын 11-ноябрында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 6-ноябрындагы   ПЖ № 149  Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сѳз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин  2019-жылдын  6-ноябрдагы   ПЖ № 150  Жарлыгы менен  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 

-Нарын облустук сотуна Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна,

-Талас облустук сотуна Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович,

-Чүй облусунун Кемин  райондук сотуна Сатарбек уулу Мирбек,

-Ош облусунун Алай райондук сотуна Кожомкулов Алайбек Рамазанович,

-Ош облусунун Араван райондук  сотуна Бакалбаев Тилек Калмаматович,

-Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна Базарбаев Канатбек Туратбекович,

-Ош  облусунун Ноокат райондук сотуна Абдираев Азамат Парпиевич,

-Ош облусунун Чоң-Алай райондук  сотуна Раимкулов Эрмек Раимкулович жиберилди.

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка   бек турууга  чакырды.

Эске салсак, бүгүн Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Нарын жана Талас облустук сотторуна, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна, Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койгон.

Президентке Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна 1 талапкер жана Ош облусунун жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргѳн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 5 талапкер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берген.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 9 талапкер дайындалды.

 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *