Дабаакана: Кызгалдак бойго бүтүрүп, сепкилди кетирет

Мезгил

Кыл тамырчы, 150 чөптүн түрүн колдонуп, кытайдын кырма дарысынан ашса ашкан, кем калбаган дары жасаган Кыргыздын Малахову атыккан Дүйшөнбек Чомоев “Табыпчылык улуу сыр” деген китебинин негизинде мекенибиздеги кайталангыс дары чөптөрдүн дарылык касиеттери, аларды колдонуунун жол жоболорун, сырларын окурмандар  менен бөлүштү.

Ит сийгек жүрөк оорусунун табылгыс дарысы

Ит сийгек (Анабазис безлистный) чөлдүү жерде өсө турган уулуу өсүмдүк. Мындан жасалган дары жүрөк оорууларынын баардык түрүнө табылгыс дары. Даярдоо ыкмасы:

-Тамырын алып, кургатып, жанчып, анын жарым чай кашыгын 0,5кг балга аралаштырып, күнүгө 1 чай кашыктан 3 жолу даярдалган дарыны түгөнгөнчө ичиш керек. 15 күн дем алып, кайра эле ошол ыкма менен дары жасап дагы ичип, төрт жолу кайталаса жакшы жардам берет. Ошондой эле жүрөгү оорукчандар ит сийгектин сабагын, жалбырагын менен кошо оруп, кургатып, жанчып, 1 чай кашыгын 0,5 кайнак сууга демдеп, бир күн тундуруп, сүзгөндөн кийин 1 чай кашыктан үч жолу ичип, 7 күн дем алып, дарылоону кайра баштаса болот. Окурман ит сийгек жүрөк оорусуна миңден бир дары экенин эстерине сактай жүргөндөрү оң.

Чырмоок өпкөнү тазалап, жөтөлдү басат

Элдик медицинада дарылыкка сары чырмоокту колдонулат. Чырмооктун жер бетиндеги бөлүгүнөн кургатылып, жанчылганынан 100 гр алып, 0,5 сары майга аралаштырып, ысык сүт менен эки ай ичсе, өпкөнү тазалап, какырыкты кетирет. Өнөкөт жөтөлдү тыйып, демиккенди басат.

Ошондой эле майдын ордуна 0,5 кг балга кошуп, ысык чай менен ичсе, талма ооруусуна эм болот. Чырмооктун кургатылып, жанчылганын спиртке кошуп, ачытылган тундурмасын денедеги жарага, ооруган жерге тартса, дартка даба болгон дарылык касиети чоң.

Байчечекей ак кан ооруусунан айыктырат

Байчечекей өсүмдүгүнүн тамыры пиязга тектеш өсүмдүк. Апрель айынын 10уна чейин гүлү менен тамырын кошо алып, кургатып, жанчып, 100 гр. 0,5 кг балга аралаштырып, аккан оорусуна чалдыккан адам күнүнө бир чай кашыктан 3 жолу сыркоосу сакайганча ичсе, байчечекей аккан дартынан тез эле айыгып кетүүгө көмөктөшөт.

Же аккан оорусуна чалдыккандар байчечекей гүлүнүн порошогунун бир аш кашыгын 0,5 л кызыл виного салып, үстүнө жүз грамм бал кошуп, 4-5 күн тургузуп, күнүнө тамактанардан жарым саат мурун бир чай кашыктан 3 ай ичсе дартына даба болот.

Кызгалдак бойго бүтүрүп, сепкилди кетирет

Кызгалдактын сабагы жалбырагы менен оруп алып, көлөкө жерде соолутуп, сууга салып кайнатып баш жууса шакыйын айыктырып, чач түбүндөгү какачты кетирет. Ошондой эле кызгалдактын тамырын жаштайынан майдалап туруп, анын 200гр. 0,5 литр аракка кошуп, 15 күн тургузуп, беттеги сепкилди жана ар түрдүү тактарды сүртсө, 7 күндө жоголот.

Уругун алып, анын бир аш кашыгын жанчып, 1 аш кашыгын 0,5 кг. балга аралаштырып, күнүгө бир чай кашыктан үч жолу жесе жатындын кагынуусун айыктырып, жаш аялдын бала төрөөсүнө пайдасын тийгизет. Эгер ушул эле ыкманы эркектер колдонсо бойго кубат берип, көңүлүн сергитет. Уктабай кыйналып жүргөн адамды тынчтандырат.

Кургак учукка алоэ жакшы жардам берет

Алоэнин 3-5 жаш аралыгындагы жалбырагын алып, салкын жерде 7 күн соолутуп, эт туурагычтан өткөрүп, даяр болгон алоэнин маңызын чыны идишке куюп, 0,5 гр. 200 гр. балга аралаштырып, оозун бекем бекитип, караңгы жерге үч ай кармап, кургак учукка кабылгандар тамак ичерден жарым саат мурун күнүгө үч маал үч аш кашыктан ичиш керек. Ушул ыкманы кургак учукка кабылгандар 6 жолу кайталап жасоосу зарыл. Жок эле дегенде кургак учук 1,5 жылда айыгат.

Ошондой эле алоэни дайыма ичи катып, кыйналган адамдар эт туурагычтан өткөн маңызын күндө эки-үч жолу тамак ичерден жарым саат мурун бир аш кашыктан ичсе жакшы жардам берет. Алоэни сууда кайнатып ичсе, 12 эли ичеги жарааттарына, бронхитке, бронхиттик астмага табылгыс дары. Алоэге сары май менен бал кошуп ичсе, өзгөчө бронхитке жакшы жардам берет.

Спиртке, алоэнин жаңы жалбырагын жана ага алтын тамыр, бал кошуп, бир нече күнгө коюп койсо коньяктай кызарып калат. Ушул аралашманы эртели кеч тамак алдында 1 аш кашыктан ичип жүрсө, эркектердин белкубаттулугун жогорулатат. Белгилеп койчу жагдай алоэден жасалган дарылар аялзатына сунуш кылынбайт.

(уландысы бар)

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *