Дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

 Мезгил

Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал бүгүнкү күнгө карата 22 адам коронавирус жуктурганы аныкталса, анын ичинде 10у медицина кызматкерлери экенин билдирди.

Жалал-Абад облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 3, Нарын шаарында – 1 жана Бишкекте 3 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Алардын үчөө дарыгер, калганы орто жана кенже медициналык кызматкерлер. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *