Дагы 12 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын жетөө медицина кызматкери

  Мезгил

Кыргызстанда 7-апрелде  коронавирус жуктурган дагы 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов  маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында  өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 228 кишиге жетти.

Жаңы 12 учур тең Ош облусунда катталды, баары обсервацияга жаткырылды. Алардын ичинен 7си медицина кызматкери.   

Коронавирус жуктуруп алган 228 учурдун ичинен Жалал-Абад облусунда – 80, Ош облусунда – 106, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3 жана Чүй облусунда – 30 учур бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *