Дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 695 адамга жетти.

“Жаңы катталган 13 учурдун ичинен Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2 учур бар”, – дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *