Дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды аларды бешөө дарыгерлер

  Мезгил

Кыргызстанда 16-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды.  Алардын ичинен бешөө медицина кызмсаткери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн  маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 466 кишиге жетти. Ал эми медицина кызматкерлеринин саны 104. 

“Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында – 5, Ош облусунда – 1 жана Нарын облусунда – 11 адам бар. Алардын 7си аял, 10у эркек”, – дейт ал. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *