Дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды

  Мезгил

Бүгүн, 30-апрелге карата Кыргызстанда дагы 17 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында жана Ош, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 746 адамга жетти. Акыркы суткада 25 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 3;

 – Нарын облусунда 1;

– Ош облусунда 2;

– Ош шаарында 1;

– Жалал-Абад облусунда 1.

-Чүй облусу 9.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *