Дагы 23 адамдан коронавирус аныкталса, 38 адам айыкты

   Мезгил

Бүгүн, 9-июнга карата Кыргызстанда дагы 23 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу   онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2055 адамга жетти.  Ал эми  дагы  38 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 6 адам;

– Чүй облусунда 2 адам;

– Ош шаарында 4 адам;

– Ош облусунда 3 адам;

– Жалал-Абад облусунда 3 адам.

– Ысык-Көл облусунда 4 адам;

– Нарын облусунда 1 адам.

 Жаңы айыккандар:

– Бишкек шаарында 19 адам;

– Нарын облусунда 13 адам;

– Ош шаарында 4;

– Ош облусунда 1;

– Жалал-Абад облусунда 1 адам.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 1483 адамга жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *