Дагы 23 кишиден коронавирус аныкталды

 Мезгил

Кыргызстанда 17-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 23 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  өткөн маалымат онлайн жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 489 кишиге жетти.

“Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында – 14, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Ош облусунда – 4, Ош шаарында – 2 адам бар. Алардын 15и аял, 8и эркек”, – деп маалымдады ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *