Дагы 261 адам коронавирус жана пневмонияны жеңди

Мезгил

 Бир суткада 261 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.   Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 119 киши, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 15, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34миң 567ге жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *