Дагы 263 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты

   Мезгил

Кыргызстанда дагы 263 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.  Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 14 киши, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 26, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 32, Баткен облусунда 13 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан  айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 27ге жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *