Дагы 27 адамдан коронавирус аныкталса, 12 адам айыкты

  Мезгил

Бүгүн, 20-майга карата Кыргызстанда дагы 27 адамдан коронавирус   аныкталды. Бул тууралуу   онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек шаарында, Нарын, Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Акыркы суткада 12 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

 Бишкек шаарында 4 адам;

– Чүй облусунда 1 адам;

– Нарын облусунда 19 адам;

– Ош облусунда 2 адам.

– Ысык Көл облусунда 1 адам.

Ал эми дагы 12 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 8, Нарын облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 910 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *