Дагы 28 адам коронавирус жуктурса, 27 бейтап айыкты

 Мезгил

Кыргызстанда 4-июнга карата дагы 28 адам коронавирус жуктурса, ал эми 27 бейтап айыкты.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн  брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 899 адамга жетти.

Жаңы учурлар Бишкек шаарында (15), Нарын облусунда (1), Ош шаарында (4), Ош облусунда (6), Чүй облусунда (1) жана Ысык-Көл облусунда (1) катталды.

  Катталган 28 учурдун ичинен бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды.

Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек.

Жаңы айыккан бейтаптар:

Бишкек шаарында – 24;

Ош облусунда – 1;

Баткен облусунда -2.

Жалпысынан өлкөдө 1292 бейтап айыкты. Оору жуктургандан кийин 20 адам каза болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *