Дагы 28 адамдан коронавирус аныкталса, 38 бейтап айыкты

   Мезгил

Бүгүн, 2-июнга карата Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус аныкталса, 38 адам айыкты. Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1845 адамга жетти. Акыркы суткада 38 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

 Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 11 адам;

– Ош шаарында 16 адам;

– Нарын облусунда 1 адам.

 “Сутка ичинде Бишкек шаарынан 18, Нарын облусунан 6, Ош шаарынан 6, Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1219 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *