Дагы 37 адамдан коронавирус аныкталса, 20 бейтап айыкты

    Мезгил

Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус жуккан жаңы 37 учур катталса, 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 350 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган 37 жаңы учурдун ичинен;

– Бишкек шаарында – 6 адам бар, ошондой эле дагы 3 учур Санкт-Петербургдан келгендер арасында аныкталган;
– Чуй облусунда – 1 учур бар (Соль-Илецктен келгендерден);
– Ош облусунда – 6 учур;
– Нарын облусунда – 21 учур аныкталган.

Ал эми айыккандар:й 

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 7, облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 1, Ысык-Көл 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 949 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *