Дагы 37 адамдан коронавирус аныкталса, 48 бейтап айыкты

   Мезгил

Кыргызстанда 5-июнга карата  коронавирус жуккан жаңы 37 учур катталса,  ал эми 48 бейтап айыкты.

  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  бүгүн онлайн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 936 адамга жетти.

“Сутка ичинде Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 5 учур, Нарын облусунда – 6, Чүй облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 3 учур катталды”, – дейт ал.

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, сутка ичинде катталган 37 учурдун ичинен 17 учуру (46%) сырттан келген. 12 учур байланышта болгон адамдардын арасынан табылса, калган 8 учурдун жугузуп алган булагы табыла  

 Айыккандар

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 29, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 9, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1340 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды”, – деп билдирди ал.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *