Дагы 527 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды

   Мезгил

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жана пневмония  527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – 108, Ош шаары – 51, Чүй облусу – 97, Ош облусу – 36, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 105, Баткен облусу – 49 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 518 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 95, Ош шаары – 20, Чүй облусу – 38, Ош облусу – 69, Талас облусу – 21, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 108, Баткен облусу – 104 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 64 миң 887 адам коронавируска кабылса, 55 миң 824 киши айыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *