Дагы 78 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер

  Мезгил

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда дагы 78 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1216 адамга жетти. Акыркы суткада 23 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 3 адам;

– Чүй облусунда 3 адам;

– Нарын облусунда 14 адам;

– Ош шаары 5 адам;

– Ош облусунда 6 адам;

– Жалал-Абад облусунда 1 адам;

– Санкет-Петербург шаарынан келген 3 адам;

– Соль-Илецк шаарынан келген 43 адам;

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *