Дагы бир бейтап коронавирустан каза болду. Жалпы 23

   Мезгил

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Нарын облусунда 67 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнь күнү Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Анын абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай кечээ 7-июнь күнү каза болду. Бейтаптын кан басымы жогору жана аз кандуулук оорусу (анемия) бар болгон. Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, – деди ал.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 23 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *