Дайырбек Орунбеков: Кулматов ал жерге беде суугарганы барды беле?

Мезгил

Журналист Дайырбек Орунбеков “Фейсбук” баракчасына төмөнкүдөй пост жазып калтырган:

“Учурда Кыргызстандан 2011-2016-жылдар аралыгында көп акчалар чыгып кетиптир деп Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун-басарына жалаа коюп жатасыңар. Мен аны таза же күнөөлү деп айтуудан мурда ал убакта таможнянын башчысы ким эле деген суроо берейинчи? Чын эле күнөөлүү адам издеп жатсаңар эстетип коеюн, Кубанычбек Кулматов эмес беле жетекчиси? Эмнеге ал тууралуу эстегиңер келбейт?

“Азаттыктын” версиясы боюнча күнөө коюлуп жаткан каражаттар чыкканы чын болсо, эмнеге ага төраганын орун басары жооп бериш керек? Матраимов го замы экен, “самы” бит сыгып олтурду беле?, – деген киши жок. Же Кулматов ал жерге беде суугарганы барды беле?

Матраимовдун аты – кызыкдар болгон саясий күчтөр аркылуу атайлап “популярдуу” кылынып, Кыргызстандагы тынчтыкты бузгусу келгендердин эле инструменти болуп калды окшойт. Эгер ошондой, арам максаттуу күчтөрдүн аракеттери байкалса, анда алардын азгырыгына алданбашыбыз керек деп ойлойм”, – дейт журналист. Канткен менен Орунбеков орундуу сүйлөптүр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *